Закир Тиленов КР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальнигинин орун басары кызматынан бошотулду

Кадр саясаты

Бишкек, 15-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө өткөрүлүп жаткан уюштуруу-штаттык иш-чараларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальнигинин орун басары Тиленов Закир Керимович ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.