Ысык-Көлгө чөгүп кеткен адамдын сөөгү табылды

Кырсык

Бишкек, 24.05.19. /Кабар/. Ысык-Көл көлүнө бир адам чөгүп кетти, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Бостери айылында көлгө чөгүп кеткен 30-35 жаштагы Ө.Ж., аттуу эркек кишинин сөөгү табылган.

“Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жалпысынан 4 куткаруучу тартылды”, - деп айтылат маалыматта.