Бишкек, 03.08.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда үстүбүздөгү жылы 12 мектептин курулушу аяктайт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башчысы Мырзабек Жапаркулов билдирди.
Жапаркулов белгилегендей, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен социалдык объекттердин курулушу жыл аягына бүткөрүлөт.
Анын айтымында, учуруда курулуш иштери кызуу жүрүүдө.