Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 5 адам каза болду, алардын эң кичүүсү 1 жашта

Кырсык

Бишкек, 12.09.22. /Кабар/. Түп районунда жолго чыга калган аттын кесепетинен жол кырсыгы катталып, 5 адам каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 11-сентябрда Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунун 196-чакырымында “Фольксваген Пассат”, “Субару” жана “Хонда Аккорд” унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Жыйынтыгында 32, 28 жана 30 жаштагы үч эркек, жана 14 жана 1 жаштагы кыздар каза болуп, төрт адам жабыркаган, алардын арасында 5 жаштагы кыз бар.

Жабыркагандар Түп райондук ооруканасына жеткирилген.

Милициядан билдиргендей, кырсык жолго чыга калган аттын кесепетинен болгон. “Фольксваген Пассаттын” айдоочусу атты сүзүп, андан кийин башкарууну жоготуп, эки унаа менен сүзүшкөн.