Ысык-Көлдө унаа сүзүп кеткен жол тескөөчү Бишкекке алып келинди

Коом

Бишкек, 18.08.24. /Кабар/. Ысык-Көлдө кызмат учурунда унаа сүзүп кеткен кызматкер Бишкектеги ооруканага алып келинди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Буга чейин айтылгандай, Ысык-Көл облусунун аймагында кызмат өтөө учурунда унаа сүзүп кеткен милициянын кайгуул кызматкери аман-эсен ИИМдин жана дарыгерлердин коштоосунда Бишкек шаарындагы Республикалык ооруканага алынып келинди.

ЖКККББнын жетекчиси кайгуул кызматынын кызматкерине кырдаалга карабай жардамын көрсөтүп жаткан дарыгерлерге жана жакын туугандарына терең ыраазычылыгын билдирет.