Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды

Укук тартиби

Бишкек, 30.01.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү алдамчылык үчүн кармалды, - деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл ОИИБдин уюшкан кылмыштуулука каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери Ысык-Көл району боюнча УКМКнын кызматкерлери менен бирдикте алмашчылыкка шектелген 24 жаштагы Чолпон-Ата шаарынын Э.Э аттуу тургунун кармады. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары КР ИИМдин каттоосунда турат.

Белгилеп кетсек, сентябрь айында Ысык-Көл РИИБге 36 жаштагы Д.А. аттуу жаран кайрылып, март айында өзүн «Замир» деп таныштырган белгисиз адам ага «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаасын саткан. Кийин аталган автоунаа издөөдө жүргөндүгү аныкталып, жабырланган адамга материалдык чыгым келтирилген.

Бул факт Ысык-Көл РИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Учурда кылмышка шектүү адам райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына сот тарабынан баш коргоо чарасы жарыяланганга чейин киргизилди.

Тергөө амалдары уланууда.