Бишкек, 26.07.18. /Кабар/. Тынымсыз жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында КР ИИМдин КМКнын кызматкерлери тарабынан Россия Федерациясынын жаранынан акча каражаттарын уурдоо фактысынын бети ачылды.
Ысык-Көл облустук ИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын 1-июнунда Ысык-Көл РИИБне Россия Федерациясынын Москва облусунун Галич шаарынын 42 жаштагы тургуну П. Наталья арыз менен кайрылган.
Өзүнүн арызында жабырлануучу 27-31 май күндөрү аралыгында Сары-Ой айылында жайгашкан «Карвен 4 сезона» эс алуу жайында эс алып жаткан мезгилде, белгисиз адамдар коттедждин эшигинин ачыгынан пайдаланышып, 15 миң рубль акча каражатын уурдап кеткендигин билдирген.
Ыкчам-издөө иш-аракетинин жүрүшүндө аталган кылмышка тиешеси бар делип Ананьево айылынын 67 жаштагы тургуну кармалган.
Окуяга шектүү делген адам күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүүдө.