Ысык-Көлдө төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды

Кырсык

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 48-чакырымында кечээ, 2-июлда саат 20:30дар чамасында “Хонда-Степвагон” жана “Ауди-100” унаалары кагышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жол кырсыгынан улам төрт адам: бир жашы жете элек кыз жана үч эркек киши каза болду.

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар унаадан адамдардын сөөгүн алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар ооруканага жеткирилген.