Ысык-Көлдө өспүрүмдөр арасында волейбол боюнча облустук чемпионат өтүүдө

Спорт

Бишкек, 03.02.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө өспүрүмдөр арасында волейбол боюнча облустук чемпионат өтүүдө. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш эркектер арасында 22-январда, кыздар арасында 29-январда башталган.

Командалар эки категорияга бөлүнгөн:

14-15 жаштагы эркек, кыздардан турган командалар;

18-17 жаштагы эркек, кыздардан турган командалар;

Командалар 4 тур оюн өткөрөт. Финалдык турда 3 команда күчүн сынашат.