Ысык-Көлдө Россиянын 29 жаштагы жараны дайынсыз жоголду

Кырсык

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө Россиянын 29 жаштагы жараны дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 16-июлда Ак-Суу районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө К.А.В. аттуу РФнын жараны арыз менен кайрылган. Арыз ээси 15-июлда үй-бүлөсү (5 киши) ​Каракол-Алакөл жайлоосундагы көпүрөдөн өтүп, отун тергени кетишкендигин, көпүрөнүн берки бетинде калып кеткен кыз жоголуп кеткендигин билдирген.

Учурда жалпы 15 куткаруучусу жана ИИМдин 15 кызматкери издөө иштерин жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.