Ысык-Көлдө муздаткычтын ичинде 4 жана 6 жаштагы эки бир тууган бала тумчугуп каза болду

Кырсык


Бишкек, 06.06.19. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда эки бир тууган "Мир" үлгүсүндөгү муздаткычта тумчугуп каза болгонун "Кабар" маалымат агенттигине Ысык-Көл облусунун Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Кырсык Түп районун Михайловка айылында 3-июнда болгон. Саат 17:55те райондук ички иштер башкармалыгына 4 жана 6 жаштагы балдар кырсыктан улам каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн.

"28 жана 27 жаштагы жубайлар балдарын короодо ойноп жатканын көрбөгөндөн кийин издей башташкан. Н., жана Д., аттуу балдарын саат 17:00дө гана "Мир" үлгүсүндөгү муздаткычта экени аныкталган. Муздаткыч ичинен ачылбагандыктан ичине кирген балдар тумчугуп калган", - деп айтылат маалыматта.

Балдарды облустук ооруканага дароо алып барышкан. Дарыгерлер балдарга дем жетпей тумчугуп каза болгонун билдиришти.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Зарыл болгон экспертизалар дайындалды.