Ысык-Көлдөгү «Joker» түнкү клубунан чыккан өрт өчүрүлдү, жабыркагандар жок

Аймак

Бишкек, 20.08.22./Кабар/. Бүгүн саат 10:20 чамасында Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан "Joker" түнкү клубунан өрт чыккан.

ӨКМдин маалымат кызматы билдиргендей, жерине 2 өрт өчүрүүчү тартылган.

Жалын саат 11:45те чектөөгө алынып, саат 13:23тө толугу менер өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен жалпы эки кабатту имараттын 496 чарчы метр аянты күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана толук материалдык чыгымдары такталууда.

Өрттөн жабыркагандар жок.