Бишкек, 17.11.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда жергиликтүү кеңештерге шайлоо тынч өтүүдө.
Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, саат 10:00гө карата облус боюнча 6049 шайлоочу добуш берди.
Ысык-Көл облусу боюнча добуш берүү укугуна ээ болгон шайлоочулардын саны 346 миңден ашуун. Ал эми 19 саясий партиядан талапкерлер ат салышууда. Жалпы мандаттардын саны - 625 (25 жергиликтүү кеңеште).
249 шайлоо тилкесинде добуш берилүүдө.
Шайлоо процессинин үзгүлтүксүз жана ачык-айкын өтүшү үчүн электр энергиясы үзгүлтүксүз камсыздалды. Резервдик генераторлор даярдалды. IT адистер жана тез жардам кызматтары нөөмөттө турат. Коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн милиция күчөтүлгөн режимде иш алып барууда.