Ысык-Көл облусунда сутка ичинде 49 миңден ашуун погондук метр жолу дезинфекцияланды

Аймак

Бишкек, 12.07.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун аймагында коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 11-июлда облус боюнча 1950 м2 имараттын ичи, 275100 м2 имараттын сырты 49 200 погондук метр унаа жолдор залалсыздандырылып, 63 кг порошок хлору жана 239 кг суюк хлор сарпталган.