Ысык-Көл облусунда 14 киши коронавирус жуктурган, анын ичинен 13ү айыккан

Аймак

Бишкек, 28.05.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда 14 киши коронавирус жуктурган, анын ичинен 13ү айыккан. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, учурда бир бейтап ооруканада дарыланып жатат.

"Ал Балыкчы шаарынын тургуну. Анын абалы жакшы", - деди ал.

Анын айтымы боюнча, коронавирустан айыккандардын ичинде Ысык-Көлдө курулуш иштеринде иштеп жүргөн Нарын облусунун тургуну бар. Ошондой эле Бишкек шаарынан Караколго келген оор жүк ташуучу унаанын айдоочусунан коронавирус аныкталган. Ал ооруканага жаткырылып, коронавирустан айыккандан кийин үйүнө жөнөтүлгөн.