• 87.44
  • 102.16
  • 1.12

Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 05.08.24. /Кабар/. Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-августтан 6-августга чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий