Ысык-Көл: Кардын калыңдыгынан айрым ашуулар убактылуу жабылды

Аймак

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 24-мартта кар калың жаагандыктан, Ысык-Көл облусундагы айрым ашуулар убактылуу жабылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 24-марттан 26-мартка чейин Каракол – Эңилчек унаа жолунун 38-112-чакырымында убактылуу жол жабылып, тозот коюлду.

"Чоң-Ашуу ашуусуна жааган кар калың болгондуктан унаа жол жабык. Тазалоо иштери аймакта бороон-чапкын болуп жаткандыгына байланыштуу токтотулду. 22-мартта Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон - Ак-Шыйрак - Сөөк ашуусуна каттаган унаа жолунун 58-59-чакырымынын төрт тилкесинде 10 000 м3 кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабык, тазалоо иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Түп районунун Түп – Кеген унаа жолуна кар калың жаагандыктан, жол эки тараптуу жабылган. Учурда тазалоо иштери кызуу жүрүүдө.

Белгиленгендей, жабыркагандар катталган жок. Бардык жерде жергиликтүү жол тейлөө мекемелеринин техникалары тартылып, иш алып барууда.