Ысык-Көл аймагындагы жолдорду жакшыртуунун техно-экономикалык негиздемеси иштелип чыгат

Жогорку Кеңеш

Бишкек, 22.11.17. /Кабар/. Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Борбор Азиядагы жол катнаштарын жакшыртуунун сунушталган үчүнчү фазасын (CARs-3) (TF0A4647) даярдоо үчүн Трасттык фонддун грантын берүү жөнүндө макулдашуу-катты ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан алына турган 530 миӊ доллар өлчөмүндөгү грантык каражат жолдорду жакшыртуу долбоорунун 3-фазасын даярдоо жаатында жумшалат. Анын алкагында Ысык-Көл аймагындагы жолдорду жакшыртуунун техно-экономикалык негиздемеси иштелип чыгууга тийиш. Андан тышкары, «Каракол» аэробекети калыбына келтирилип, «Ысык-Көл» аэробектинин инфратүзүмү жакшыртылмакчы.

Белгилей кетек, эгерде кыргыз тарап тоо туризмин өнүктүргүсү келсе, анда аэробекет болушу керек. Дүйнөлүк банк долбоор иштелип чыккандан кийин 80 млн өлчөмүндө жеӊилдетилген насыя бөлүп берүүгө даяр.