Бишкек, 20.12.24./ Чолпон Жумалиева - Кабар/. III Элдик курултайга Ысык-Ата районунан делегат болуп келген Акан Иманов Чүй жана Ысык-Ата райондору тарапка кант кызылчасын иштетүүчү завод куруп берүүнү суранды.
Делегат белгилегегендей, учурда кант кызылчасын иштетүүчү “Кайыңды – Кант” заводу монополист болуп, айылдарда кызылчасы талаада калып калган дыйкандар бар.
“Быйыл Чүйдүн дыйкандары жакшы көрсөткүчкө жетишип, миллион тоннага жакын кант кызылчасын өстүрдү. Бирок, дыйкандарда көйгөйлөр бар. “Кайыңды – Кант” заводунан урукту сатып албасак, алар биз менен келишим түзбөйт. Жер иштетүүдө керектүү дары каражаттарын сатып албасак, кызылчаны өткөрүүдө кезекке туруубуз кыйындайт. Биз өткөргөн кызылчанын 9-10 пайызын “кызылча кирдиги үчүн” деп алып жатат. Бул деген 100 тонна кызылчабыздан 9-10 тонна кызылчаны завод алып калып жатат деген сөз. Дыйкандарга бул чоң кыйынчылык жаратат”, - деди Иманов.
Ошондой эле дыйкандарда жүгөрү иштетүү тармагында да олуттуу көйгөйлөр бар экендигин билдирген делегат, жүгөрүнүн баасы быйыл арзандап кеткенин жана жүгөрүнү кайра иштетүүчү завод куруу зарылдыгын белгиледи.