Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Ысык-Ата районунун Нурманбет айылында Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, имараттын курулушу Лу Луа Ахмад Алкаваринин жеке демөөрчүлүгү астында төрт жарым млн сомго каржыланды. Нурманбет айыл өкмөтү тарабынан 1 млн 200 миң сомго тегереги тосулуп, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имаратынын ачылыш салтанатына райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Ногайбек Самтыров, демөөрчүнүн өкүлдөрү, райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директору Роза Мукаева, Нурманбет айыл өкмөтүнүн башчысы Адис Өмүралиев жана башка тиешелүү тармактардын жетекчилери, айыл тургундары катышты.