• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Ысык-Атада 5 жашар бала балык уулоочу көлмөгө чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 18.10.22. /Кабар/. Ысык-Ата районунда 5 жашар бала көлмөгө чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата районунун Кеңеш айылында балык кармоочу жайында көлмөгө 2017-жылы туулган А. Ы аттуу жаш бала чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине издөө иштери жүргүзүүгө 8 куткаруучу тартылып, жогору аталган баланын сөөгүн суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий