Ысык-Ата районунда аккумулятор уурдоого шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби

Бишкек, 26.02.22. /Кабар/. Ысык-Ата районунда аккумулятор уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук миилциясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын башында Ысык-Ата РИИБине бир нече жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, жүк ташуучу автоунааларынын аккумуляторун жана башка тетиктерин белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген.

Бул фактылар кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Териштирүү учурунда уурулук кылмыштары көбүнчө түнкү маалда болгонун милиция кызматкерлери аныктап, тиешелүү ыкчам иш-чараларды жүргүзүшкөн.

Ыкчам иш-чаралардын негизинде жогорудагы кылмыштарга шектелип, 2003-жылы туулган К.У., 1995-жылы туулган Ж.Э., 2002-жылы туулган Т.Э., 2004-жылы туулган Т.З. жана 2003-жылы туулган О.А. аттуу жарандар кармалган.

Учурда кылмышка шектүүлөрдүн Ысык-Ата районунун аймагында катталган 10 уурулук фактысына тиешеси бар экендиги боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Чүй облусунун аймагында дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери улантылууда.