• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Ыштан кантип коргонуу керек? Пайдалуу кеңеш

Коом 0

Бишкек, 22.01.25. /Кабар/. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин адистери ыштан сактануунун жолдору тууралуу маалымат берди.

Кеңештер:

1. Түтүн каптаган учурда, мүмкүн болушунча ачык абада убакыт өткөрүүнү чектеңиз, басууну жана чуркоону азайтыңыз.

2. Сыртта машыккан спортчулар залга өткөнү жакшы, анткени кошумча физикалык көнүгүү сизди тез-тез жана терең дем алууга мажбурлайт, бул ден соолукка терс таасирин тийгизет.

3. Эртең менен абада көмүр кычкыл газы жана түтүн көп болот, бул учурда терезелерди ачпаңыз.

4. Көчөгө чыкканда коргоочу каражаттарды (кебезден жасалган бинт, маска, респиратор ж.б.) колдонуңуз. Жада калса жөнөкөй марлинин бөлүкчөлөрүн алып жүрүү да абдан эффективдүү болот. Кездемеден жасалган масканы колдонуудан мурун аны нымдап алуу керек, себеби бронхопульмоналдык ооруулары барларга зыян.

5. Турак жайларда, батирлерде, кеңселерде мурундун былжыр челинин кургап калбашы үчүн нымдап туруу зарыл. Нымдаткычы же абаны тазалоо функциясы бар кондиционерди эки-үч саат сайын 15-20 мүнөткө иштетүү талап кылынат.

6. Сырттан келгенден кийин сөзсүз түрдө колду жана бетти жуу кажет. Айрыкча мурунду жана оозду чайкоо зарыл. Көңдөйдүн былжыр челин тазалоо жана зыяндуу таасирлерден коргоо маанилүү.

7. Суюктукту көбүрөөк ичиңиз. Суу суусуздануудан сактайт жана организмден зыяндуу заттарды чыгаруу процессин тездетет. Күнү бою чөп же көк чай ичиңиз.

8. Түтүн мезгилинде тамактанууга өзгөчө көңүл буруу керек. Курамында антиоксиданттар бар тамактарды жегиле (жашылча, мөмө-жемиш, балык ж.б.).

9. Бронхиалдык астма жана өнөкөт бронхит менен ооруган адамдарга кабыл алып жаткан дары-дармектердин дозасын үзгүлтүккө учуратпоо жана ингаляторлорду дайыма жанында алып жүрүү сунушталат.

Пикир

Оставить комментарий