Бишкек, 21.03.19. /Кабар/. Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн көк бөрү боюнча мелдештин Жогорку лигасында "Ынтымак" (Талас облусу) командасы жеңүүчү болду.
Биринчи орун үчүн болгон таймашта "Ынтымак" командасы "Достук" (Ош облусу) менен ойногон. Оюн 6:1 эсебинде жыйынтыкталды.
Ушул эле Жогорку лигада үчүнчү орунду "Бакубат Талас" командасы ээлеген.
Эскерте кетсек, өткөн жылы да көк бөрүнүн финалында бул эки команда ойноп, "Ынтымактын" улакчылары жеңип алган.