Вице-спикер Аида Касымалиева Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү кызматына дайындалат

Саясат

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Вице-спикер Аида Касымалиева Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы Кыргызстандын расмий өкүлүнүн кызматына дайындалат. Анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жактырды.

Белгилей кетсек, учурда аталган кызматты Миргүл Молдоисаева аркалап келет.