Вице-премьер-министр Аскаров Ош облусунда жумуш сапары менен жүрөт

Өкмөт

Бишкек, 08.06.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров эки күндүк жумуш сапары менен Ош облусунда жүрөт. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Сапардын биринчи күнүндө вице-премьер-министр быйылкы жылы Ош шаарында ачылган аялдар жана эркектер кийимин тигүүчү «Кыргыз Текстиль ЛТД» фабрикасынын курулушу менен таанышкан.

Андан соң, ал 2010-жылы өрттөнүп кеткен Ош жашылча-жемиш комбинатына барды. Мурда ишкана жашылча жана жемиш консерваларын чыгарчу.

Мындан тышкары Замирбек Аскаров Араван районунун Чек-Абад айылындагы «Долгое будущее» ЖЧК жашылча комбинатынын ачылышына катышты. Комбинат Кытай Эл Республикасына жергиликтүү гилас жемишин экспорттойт.

Ошондой эле, вице-премьер-министр «Насос завод-5» ЖЧК ишканасынын иши менен таанышкан.

Азыркы тапта анда 70ге жакын адам иштейт. Ишкананы өнүктүрүү үчүн 1 млн. 560 миң АКШ доллары өлчөмүндө кошумча инвестиция зарыл. Инвесторлордун салымы 440 миң АКШ долларын түзөт.

Вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын өкмөтү Чек-Абад айылындагы жашылча-жемиш комбинатына жана «Насос завод-5» насос заводуна кыйла натыйжалуу иштөөсү үчүн финансы каражаттарынын бөлүнүп берилүүсүнө кол кабыш кылат.

«Бул ишканалар өнүгүү үчүн финансы каражаттарына муктаж. Бул максатта алар деталдуу бизнес-план иштеп чыгып, аны өкмөткө сунуштоосу керек. Бул сунуштарды карап чыгып, алардын ишин каржылоого кол кабыш кылабыз», – деди Замирбек Аскаров.

Белгилей кетсек, ишкана мунайзат бургулоо скважиналарынын жабдуулары үчүн тетиктерди чыгарат. «Ошэлектр» ААК менен келишимдин алкагында ишкана траверстерди, муфталарды жана ар түрдүү модификациядагы электр шкафтарын өндүрөт.