Велосезондун ачылышы. Эртең Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат

Коом

Бишкек, 01.04.23./Кабар/. Велосезондун ачылыш аземине байланыштуу эртең, 2-апрелде Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, 2-апрелде саат 8:50дөн тарта Ала-Тоо аянтынан тарта Чүй проспектиси Панфилов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин жана Д.Асанов атындагы Жеңиш сейил багына чейин көчөлөрдүн бөлүктөрү жабылат.

Веложүрүш Ала-Тоо аянтында саат 9:00дө башталып, саат 10:30да Д.Асанов атындагы сейил багында жыйынтыкталат.

Эске салсак, иш-чараны борбор калаанын мэриясынын колдоосу менен Megacom компаниясы, «Велоfriends позитив KG” ачык коому уюштурууда.

Бишкек мэриясы жарандардан келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана маршрутту алдын ала пландаштырып алууну суранат.