Бишкек, 22.11.19. /Кабар/. UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченконун кийинки беттеши келерки жылдын февраль айында өтөт. Бул тууралуу Espn сайты билдирет.
Кыргызстандык мушкер 8-февралда Техастын Хьюстон шаарында октагонго чыгат. Анын каршылашы америкалык Кэтлин Чукагян болот.
Эскерте кетсек, Шевченко Уругвайда өткөн UFC Fight Night турниринде америкалык Лиз Кармушту жеңип, өзүнүн чемпиондук курун сактап калган.