Валентина Шевченко Ош шаарына келди

Аймак

Бишкек, 12.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 12-декабрда, UFC боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченко Ош шаарына келди. Мушкерди Ош аэропортунан салтанаттуу тосуп алып, андан соң маалымат жыйын өткөрдү.

Ал эми саат 14:30да Султан Ибраимов атындагы драма театрында күйөрмандары жана спортчулар менен жолугат. Ош шаардык мэриясы спорт сүйүүчүлөрүн бул иш-чарага активдүү катышууга чакырат. Катышуучулар чемпиондон кол тамга жана белек ала алат.

Валентина Шевченконун Ош шаарындагы сапары эки күнгө созулат. Ал мектеп окуучулары, балдар үйүнүн тарбиялануучулары менен да жолугат.