Кыргызстанда унааны кайра каттоодо милдеттүү камсыздандыруу полиси талап кылынбайт

Коом

Бишкек, 11.10.24. /Кабар/. Унааны кайра каттоо үчүн милдеттүү камсыздандыруу полиси талап кылынбайт. Мындай маалыматты Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик таратты.

Унааны кайра каттоо үчүн төмөнкү документтердин пакетин берүү жетиштүү:
- өздүгүн тастыктаган документ;
- транспорт каражатынын каттоо күбөлүгү;
- учурдагы салык мезгили үчүн салык төлөмүнүн квитанциясы.

Эске салсак, документтерди Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук түрдө тапшырса болот.

Жубайлардын биргелешкен менчигиндеги транспорт каражатын кайра каттоодо жубайынын макулдугу талап кылынат.