Бишкек, 30.08.17. /Кабар/. 1-сентябрь майрам 2си дем алыш күнүнө туура келип калгандыгына байланыштуу унаа жана турак жай салыгын төлөөнүн мөөнөтү 4-сентябрьга чейин узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Андыктан, автоунаа, турай жай жана жердин салыгын төлөп жетишпей калгандар 4-сентябрьга чейин төлөсө болот. Акчаны айрым банктын мекемелеринен, төлөм терминалы, мобилдик жана интернет банкинги аркылуу төлөөгө болот.
Эске сала кетсек, салыкты өз убагында төлөбөгөндөргө 2000 сом өлчөмүндө административдик айып каралган.