Бишкек, 24.02.20. /Кабар/. "Унаа" мамлекеттик ишканасынын директору болуп Марат Пирназаров дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Пирназаровду бүгүн, 24-февралда ишкананынын жалпы жамаатына тааныштырышат.
Марат Пирназаров 1980-жылы Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда туулган.
Ал мурда Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрага орун басары кызматын ээлеген.
Соңку учурда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун кеңешчиси болуп иштеп жаткан.