"Унаа" ишканасынын Алай жана Аксы секторлорунун иши убактылуу токтотулду - Каттоо кызматы

Коом

Бишкек, 28.07.20. /Кабар/. "Унаа" мамлекеттик ишканасынын Алай секторунун иши 24-июлдан 10-августка чейин жана Аксы секторунун иши 28-июлдан 10-августка чейин убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Каттоо кызматынан белгилешкендей, учурда Сокулук-Москва, Чүй-Кемин, Аламүдүн, Ысык-Ата, Балыкчы, Каракол, Талас аймактык бөлүмдөрү жана Бишкек шаардык бөлүмдүн Лебединовка айылында Победа проспектиси 121Б дарегинде жайгашкан бөлүмчөсү, Кызыл-Кыя шаарында Масалиев көчөсүндө жайгашкан Баткен аймактык бөлүмү жана Баткен аймактык бөлүмдүн Баткен шаары Раззаков көчөсү 77 дарегиндеги Баткен сектору карантинге жабык.

"Унаа" ишканасынын башка бөлүмдөрү кадимки тартипте иштеп жатат.