Улуу Жеңиш күнүндө Жалал-Абадда коомдук тартипти 800дөн ашуун милиция кызматкери көзөмөлдөйт

Аймак

Бишкек, 09.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштун аяктаганына 77 жыл толду. Улуу Жеңиш күнүнө карата Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы «Эркиндик» аянтында кайгуулдоо багыттарына бөлүнүштү.

Белгилей кетсек, бүгүн облус аймагында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун 800дөн ашуун милиция кызматкерлери көзөмөлгө алышат.