Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар онкологиясы жана гематология бөлүмүндөгү залалдуу шишиктерге каршы дары-дармектердин абал тууралуу маалымат берди.
Балдар онкологиясы жана гематология бөлүмүндө залалдуу шишиктерге каршы төмөнкү дары-дармектер бар:
- циклофосфан;
- аспарагиназа;
- ритуксимаб;
- карбоплатин;
- иринотекан;
- этопозид;
- цисплатин;
- филграстим;
- меркаптопурин;
- винкристин.
"Ошондой эле коштоочу терапия үчүн дары-дармек каражаттар жана медициналык багыттагы буюм-тайымдар бар.Ифосфамид, дактиномицин, даунорубицин Жогорку технологиялар фонду аркылуу сатылып алынган, тендер 2019-жылдын декабрында өткөн. Чек аралар жабылгандыктан, дары-дармектерди алып келүү кечиктирилүүдө. Метотрексат, циторабин, адриабластин, урометоксан дары-дармектерине билдирмелер боюнча фармкомпаниялардан сунуштар келген эмес", - деп билдирет штаб.
Штабдан белгилешкендей, балдар онкологиясы жана гематология бөлүмүндө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Улуттук онкология жана гематология борборунун жетекчилиги бардык фармкомпанияларга, дары-дармектер бар болсо же аларды (метотрексат, циторабин, адриабластин, ифосфамид, урометоксан, дактиномицин, даунорубицин) кыска мөөнөттө алып келүү мүмкүнчүлүгү болсо түз келишим түзүү жолу менен сатып алууга көмөк көрсөтүү боюнча кайрылат.