Улуттук банк валюта рыногуна $87,5 млн сатты

Экономика

Бишкек, 21.12.22. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы 20-декабрда валюта рыногуна 87,5 млн АКШ долларын сатты. Бул тууралуу банктын расмий сайтында маалымдалат.

Белгилей кетсек, күн мурун өлкөдө доллардын баасы өсө баштаган, учурда коммерциялык банктарда доллар 86.73 сомдон болууда.