Бишкек, 08.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы лицензиясы жок акча алмаштырган 3 кыргызстандыкка айып салды. Бул тууралуу банктын расмий сайтында маалымдалат.
Алсак, Жалал-Абад облусунда тиешелүү документтери жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашырган (С.Г.И., У.Ж.А., У.Р.Ж.), үч жаран айыпка жыгылган.
Салынган айыптын суммасы 300 миң. сомду түзгөн.