Улуттук банк коммерциялык банкка куймаларды сатууга уруксат берди

Экономика

Бишкек, 10.04.23. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы коммерциялык банкка операцияларды куйма түрүндөгү баалуу металлдар менен жүргүзүүгө уруксат берди.

Улуттук банктын расмий сайтында маалымдалгандай, КР УБ 2023-жылдын 5-апрелиндеги чечими менен «ФинансКредитБанк» ачык акционердик коомуна Улуттук банк тарабынан эмитирленген (чыгарылган) аффинаждалган өлчөнгөн куйма түрүндөгү баалуу металлдар менен операцияларды нак жана нак эмес формада жүргүзүү укугуна уруксат берген.