Улуттук банк интервенция жасап, 11,2 млн долларды сатыкка чыгарды

Экономика

Бишкек, 24.09.20. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы валюта рыногунда интервенция жасады. Банктын расмий сайтында маалымдалгандай, 23-сентябрда өлкөнүн негизги банкы жалпысынан 11,2 млн долларды сатыкка чыгарды.

Белгилей кетсек, Улуттук банк быйылкы жылдын эсеби менен 11 ирет интервенция жасады. Азыркы учурда АКШ доллары 79,6 сомдон сатылууда.