Улуттук банк интервенция жасап, $40,2 млн сатты

Экономика

Бишкек, 14.02.23. /Кабар/. Улуттук банк валюта рыногундагы абалды турукташтыруу үчүн интервенция жасады.

Улуттук банктын расмий сайтында маалымдалгандай, күн мурун, 13-февралда УБ валюта рыногуна 40 млн 220 миң доллар (бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен) саткан.

Муну менен Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногуна үчүнчү ирет интервенция менен чыгып жатат.