Улуттук банк эскилиги жеткен акчаларды кайра алмаштыра баштады

Экономика

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. Улуттук банк эскилиги жеткен акчаларды кайра алмаштыра баштады. Бул тууралуу Улуттук банк билдирет.

Улуттук банк эскилиги жеткен акчаларды алмаштыруу, өлчөнгөн алтын куймаларын жана нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча операцияларды 17-августунан тартып кайрадан жүргүзө баштайт.

Эскерте кетсек, буга чейин июль айынын баштарында Улуттук банк эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу эскилиги жеткен акчаларды алмаштыруу, өлчөнгөн алтын куймаларын жана нумизматикалык баалуулуктарды сатууну токтотконун билдирген.