Бишкек, 11.08.22. /Кабар/. "РСК Банк" ислам принциптери менен банк операцияларын жүргүзүүгө лицензия алды.
Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, КР Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 10-августунда улуттук жана/же чет өлкө валюталарында "ислам терезеси" аркылуу ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк операцияларын жүргүзүү укугуна "РСК Банкы" ачык акционердик коомуна лицензия берүү жөнүндө чечим кабыл алды.