Улукбек Марипов Чүй облусундагы мектептердин биринде “Тынчтык сабагын” өтөт

Коом

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу 15-сентябрда Чүй облусундагы мектептердин бирине барып, “Тынчтык сабагын” өтөрүн билдирди.

Марипов класстык саатты министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары жана мүчөлөрү дагы өтөрүн жазган.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 15-сентябрда мектептерде окуу салттуу түрдө башталат.