Уланбек Тотуяев Кыргызстандын Пакистандагы элчиси кызматынан бошотулду

Кадр саясаты

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Тотуяев Уланбек Асанкулович жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргызстандын Пакистан Ислам Республикасындагы элчиси кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.