Улан Чаначев эмгек министринин орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты

Бишкек, 30.05.23. /Кабар/. Улан Чаначев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары болуп дайындалды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.