Улан Чаначев эмгек министринин орун басары кызматынан бошотулду

Кадр саясаты

Бишкек, 23.02.24. /Кабар/. Чаначев Улан Белекович эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.