Украинадагы президенттик шайлоо. Зеленский алдыга чыкты

Дүйнө

Бишкек, 1.04.19. /Кабар/. Украинада кечээ, 31-мартта президенттик шайлоо өттү. Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын 0,17% добушун эсептеп чыкты. БШКнын маалыматы боюнча Петр Порошенко 24,76%, Владимир Зеленский – 23,60%, Юлия Тимошенко – 17,07% добуш алды.

21-апрелде шайлоонун экинчи айлампасы өтөт.

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы 39 талапкерди каттаган. Кийинчерээк алардын экөө саясий өнөктүккө катышуудан баш тарткан. Бирок БШК аларды рекорддук узундуктагы бюллетенден чийүүгө үлгүргөн эмес.