УКМКнын төрагасы Ташиев пневмония менен ооруканага жаткырылды

Коом

Бишкек, 05.01.22. /Кабар/. КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 4-январда пневмония диагнозу менен Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, учурда Ташиевдин абалы канааттандырарлык деп бааланууда.