Бишкек, 12.11.21./Кабар/. Ысык-Ата районунда майнинг-ферма аныкталды, - деп билдирет КР УКМКнын маалымат кызматы.
КР УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын алкагында, Кыргыз Республикасынын электр тармактарына чоң зыян келтирген, Ысык-Ата районунун Дружба айылында мыйзамсыз иш жүргүзүп жаткан майнинг-ферма аныкталды.
Сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизиндеги ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, чет өлкөлүк жарандар тарабынан күнөскана көрүнүшүндөгү 2500 даана тиешелүү жабдууларды орнотуу менен “майнинг-ферма” уюштурганы аныкталды.
Азыркы учурда КР УКМК тарабынан аталган майнинг-ферманы уюштурууга тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо, анын мыйзамдуулугун жана энергетика тармагына келтирилген зыянды эсептөө жана сервердик жабдыктарды өлкөгө алып келүүнүн мыйзамдуулугун аныктоо боюнча иш жүргүзүлүүдө.
Тергөө иштери уланууда.