УКМК: вице-премьер Жеңиш Разаков – чет өлкөлүк тыңчы эмес

Коом

Бишкек. 01.04.19 /Кабар/. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун чет өлкөлүк чалгындоо кызматтарына тиешеси бар деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы кабарлады.

УКМК айрым интернет-сайттарда, социалдык тармактарда жайылтылган башка өлкөнүн чалгындоосуна тиешеси бар делген маалымат боюнча текшерүү жүргүзүп, сотко чейинки иш ачкан.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун чет өлкөлүк чалгындоо кызматтарына тиешеси жок, – деп билдирди УКМК.

Эске салсак, буга чейин кыргыз өкмөтү Жеңиш Разаковдун тажик чалгындоосуна тиешеси бар экендиги тууралуу билдирүү анык эмес деген маалымат таратып, УКМК дагы өз баасын берет, деп кабарланган.